2022 — жылы 25 — майда биздин Аманат — Токмок билим берүү мекемесинде 1 — класстын Алиппе майрамы өттү. Бул балдардын алгач мектеп босогосун аттагандагы 1-ийгилиги. Алгачкы жолу Алиппе китебин аякташты. Бул иш-чарага мектеп админстрациясы, мугалимдер, ата — энелер, 1 — 4-класстын окуучулары катышты. Ата-энелердин жардамы менен бирдиктүү форма кийишти.
1-класстын окуучулары ар бир тамгага ыр айтышып, бий бийлешти. Муундан сөз түзүштү, жомоктун кааармандарын аткарышты, макал-лакап, жанылмач жанылбай бат айтылып, кыргыз бий, индия бийин бийлеп, Манас айтып, мугалимге, мектепке, мекенге, ата — энелерге ыр арнашты.
Жыйынтыктоо: Окуучулар 1 жыл ичинде алган билимдерин көргөзүштү. Ата — энелердин, коноктордун көңүлүн көтөрүштү. Аягында ата-энелер, мугалимдер ыраазычылык билдиришти, балдарга 1 — класстын аяктагандыгы тууралуу “Диплом” ыйгарылды.
Комментарии