МЕКЕМЕ ЖӨНҮНДӨ
Мекеменин тарыхы
«Аманат- Токмок» Билим берүү мекемеси 2021- жылдын 1- сентябрь айынан тартып иш алып барууда.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн, лицензия берилген.
Мекеме КРнын Чүй- Бишкек юстиция башкармалыгы 03.08.2020- жылы бекиткен Уставтын негизинде иш алып барат.
Мекемеде социалдык жактан аз камсыз болгон уй-бүлөөлөрдүн балдары окушат
Мекеменин максаты:
- социалдык жана экономикалык муктаждыктарга ылайык инновациялык ачык билим берүү системасын түзүү менен өз өлкөсүнүн билимдүү, коомдук иштерге активдүү катышкан, чыгармачыл ой жүгүрткөн окуучулардын жаңы муунун калыптандыруу жана тарбиялап чыгуу.
- Бүгүнкү кундүн талабына ылайык ар тараптуу, билимдүү, адеп- ахлактык ынанымы, эстетикалык табити, сергек жашоосу калыптанган, жогорку маданияттуу инсанды тарбиялоо
Мекеменин милдети:
- Билим берүү
- Тарбия берүү
- Илимий багыттар
- Социалдык коргоо
- Кесиптик багыт
“Аманат-Токмок ” билим берүү мекемесинде билим берүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планынын негизинде жүргүзүлөт .
Билим берүү III баскыч менен ишке ашырылат.
- Башталгыч билим берүү баскычы (1-4-класстар) 99 окуучу
- Жалпы билим берүү баскычы (5-8-класстар) 108 окуучу
- Жалпы орто билим берүү баскычы (9-11-класстар ) 43 окуучу
Мекемеде 6 жаштан 18 жашка чейинки мектеп курагындагы Республиканын ар кайсы аймагынан келген 250 окуучу билим алууда. Анын ичинен 139 эркек балдар 111 кыз.
Томолой жетим окуучулар: 10
Жарым жетим окуучулар: 228
Толук эмес уй булолор жана социалдык муктаж:12
Мекемеде 42 кызматкер эмгектенет,анын ичинен 22 мугалим,
8 тарбиячы , 4 ийрим жетекчиси жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоочу 2 кароолчу , 4 ашпозчу жана 2 тазалык кызматкери эмгектенет.
Мекеменин директору: Алымбеков Бакыт Кенжебекович
Окуу бөлүмүнүн башчысы : Орозобаева Асель Джумгалбековна
Тарбия иштери боюнча директордун орун басары : Абдыкалыков Раатбек Кылычбекович
Окуучулар шаардык жана областык олимпиада ийгилик жаратууда мисалы: 10-класстын окуучусу Ажымакунова Раэля Адисовна 2021-2022-окуу жылында райондук олимпиададан орус тили жана адабияты предмети боюнча 42 мектептин ичинен I орунду ээлеп областык олимпиададан (сынактан) III орунду багындырды.
Мекемеде окуучулардын чыгармачылыгын , жөндөмүн арттыруу максатында ийримдер иш алып барат
- 1 . Чет тили
- Чач тарач
- Электр ширетүүчү
- Кол өнөрчүлүк