Орозобаева Асель Джумгалбековна 1985-жылы 8-октябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Орто-Саз айылында төрөлгөн.
1992-жылы Ж. Саламатов атындагы орто мектебинин 1-классына кирип, 2003-жылы 11-классты ийгиликтүү аяктаган.
2003-жылы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, 2008-жылы ийгиликтүү аяктаган.
2008-жылдан 2011-жылга чейин Ж.Саламатов атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген .
Азыркы учурда Чуй облусуна караштуу Токмок шаарындагы “Аманат-Токмок” билим берүү мекемесинде кыргыз тили жана адабияты мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.