Сабак: Химия
Сабактын темасы:Туздардын курамы,квалификациясы жана аталыштары.Туздардын түрлөрү.
Колдонулган усулдар: Топтордо иштөө,таблица,барабандар менен иштөө
Сабактын жабдылышы: Презентация,окуу китептери,химиялык реактивдер жана идиштер,преператтар,барабан,таблицалар.
Негизги компетенттүүлүктөр:
Маалыматтык:Туздардын курамы,формуласы туурасында маалыматтарга ээ болот жана тапшырмаларды аткарууда керектуу материалдарды пайдаланат
Социалдык коммуникативдик:Теориялык жана практикалык жактан алган билимдерин талкууларга алышат.
Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:Башкалардын дагы ойлорун уга билет жана өз алдыларынча чечим чыгарат.
Предметтик компетентүүлүктөр:
1.Химиялык кубулуштардын манызын ачып көрсөтүү:
Туздардын химиялык формулаларын түзүү,реакциялардын натыйжасында келип чыккан кубулуштарды көрсөтө билүү.
2.Химиялык кубулуштарды илимий жактан заттардын курамы жана түзүлүшү боюнча түшүндүрүү:
Туздар туурасында алган билимдерин белгилүү кырдаалда колдонот.
3.Заттарды жана химиялык реакцияларды окуп үйрөнүудө илимий далилдөөлөрдү пайдалануу:
Практика чыныгы кырдаалда талдайт жана чыныгы кырдаалдын ортосундагы карама каршылыктарды аныктайт
Сабактын максаттары:
Билим берүучүлүк:Туздар,алардын курамына жараша бөлүнгөн классификациясы туурасында билим алуу менен өз түшүнүктөрүн калыптандырат
Өнүктүрүүчүлүк: Алган билимдерин жалпылоо системалаштыруу ыкмаларын өнүктүрүү.
Тарбия берүүчулүк: Топтор жана жуптар менен ынтымакта иштөөгө тарбиялоо.
Комментарии