Сабактын темасы: Travelling around the world
Сабактын максаты: Окуучулар эс алуу күндөрүндө колдонулуучу жаңы сөздөрдү үйрөнүшөт жана сүйлөө деңгээлин жогорулатышат,башка өлкөлөр туралуу маалымат алышат. Ошондой эле Present perfect tense (азыркы болуп бүткөн учур) эрежелерин үйрөнүшөт.
Классы: 7
Өтүлгөн күнү: 8.12.2022
Сабактын тиби: Жаны материалдар менен чоогу жаңы фактыларды билүү жана грамматикалык көнүгүүлөрдү аткаруу
Сабактын жабдылышы: Башка мамлекеттердеги эс алуу күндөрү туралуу маалымат берүү,түстүү кагаздар жана слайд менен иштөө.
2022-жылдын8-декабрында 7-класс менен “Travelling around the world” деген темада ачык сабак өттүм.Ачык сабакка алгач уюштуруу болуп классты толуктап андан соң келген эже-агайлар менен саламдаштык. Сабактын башталышында окуучуларга жагымдуу маанай тартуулоо үчүн “мэжге чабуул” методикасы аркылуу окуучулардын маанайын сурап сабакты баштадык. Сабактын темасын ачып берүүдө holiday-эс алуу туралуу ыр угуу менен сабактын темасын таптык жана сабактын максаты менен тааныштырдым. Окуучуларды эки топко бөлүп тайпаны желектер тушурулгон кагаздардан самолёт жазап ал аркылуу 4топко болдум. Топтордун аталышы
Алар: Америка
Великобритания
Новая Зеландия
Австралия
Ар бир топтун аты менен тааныштырып андан соң аларга слайд көрсөтүлдү жана тапшырмалар берилди,тапшырманы аткарууда топ менен иштөөгө көнүл бурулду. Ошондой эле грамматикалык эрежелерди эстеп калуу үчүн дагы окуу китебинен көнүгүүлөр аткартылды. 1. Тапшырма: Ирээтсиз коюлган тамгаларды оордуна коюп катылган сөздү табуу жана слайдтка көңүл буруп ал жактагы сүйлөмдөрдүн чын жалганын табуу.
2.Тапшырма: Окуучулар китепте берилген бешинчи көнүгүүнү топ менен аткаруу жана ким ылдам жана туура аткараарына карап бири бирин баалоо
Жыйынтыктоо: Окуучулар сабакка активдүү катышышты жана топ менен иштөөгө көнүгүштү,сабак окуучулар үчүн кызыктуу болду жана өздөрүнө пайдалуу нерселерди ала алышты.
Аткарган: чет тили мугалими: Надырбек кызы Аксыйнат
Комментарии