БАШТАЛГЫЧ КЛАСТЫН ДЕКАДАСЫ
23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата карата башталгыч класстардын өткөргөн иш чаранын анализи.
Иш чара башталгыч класстын декадасынын жабылышына туура келгендигине байланыштуу башталгыч класстардын окуучулары концерт тартууулап беришти.
Зал шарлар ,лозунгдар менен кооздолуп залда отурган мырзаларга,эже-агайларга жагымдуу маанай түзүлдү.
Концерттик программа алгач саламдашуу,К,Р нын гимни менен башталды.Башталгыч класстары уюштурган мекенди сүйүүгө багытталган сүрөт көргөзмөсүнүн жыйынтыгы жарыяланып .Анда жогорку класстардан жана башталгыч класстардын окуучуларынан активдүү катышкан окуучулар громота жан баалуу белектерге ээ болушту.
Жогорку класс “ Мекеним Кыргызстан”.
Башталгыч класстарга Мен мекенимди сүйөм”деген темалар берилген.
Программада 3-класстын окуучулары “Урпагымын Манастын”деген ыры менен ачып беришти.өркөм окууда 2-класстар парад деген ырларды,акыйнек айтып беришти.
Баардык ырлардын мазмуну Ата-Мекенди коргоо күнүнө арналгандыгы үчүн потриоттуулукка ,мекенин сүйүүгө арналды.
2-3-класстардын окуучулары “Моряк”бийин жана “Катюша бийин ”тартуулашып баардык окуучулар ата-энелердин жардамы менен военный кийимдерди кийишти. Макалдардарды,көркөм окууларды , обондуу ырларды аткарышты.12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө коюлган “Ак кеме” повести көпчүлүктүн сүймөнүлүгүнө ээ болгондуктан кайрадан коюп берүүнү суранышкандыктан кайрадан коюп берилди.Ааламга жол айылдан башталат демекчи Букарбеков Ансар ,Турсункулов Элмар ролдорду жогорку деңгээлде аткарып мугалимдердин ,окуучулардын купулуна толду.
Концерти көргөн ар бир инсан, окуучу потриоттуулукка ,мекенин сүйүүгө болгон көз карашы өзгөрдү деп ойлойбуз.
23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата концертибиз максатына жетти.
Жазган:Апыш кызы Асель
Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы “Аманат-Токмок”билим берүү мекемесинин 2022-2023-окуу жылында башталгыч классынын декадасын өткөрүү боюнча өткөрүлүүчү иш чаранын планы.
№ | Иштин мазмуну
| Убактысы | Жооптуу |
1 | Башталгыч класстарынын декадасынын ачылышы. | 06.02.23. | Башталгыч класстын мугалимдери |
2 | Ачык сабак: Класстык саат “Жоомарттык” 4-класс Алиппе “Ырыс алды-Ынтымак” 1-класс Кыргыз тили “Зат атоочтун сын сыпатын билдирген сөздөр ” 2-класс Математика “Тендемеге карата мисал, маселелер” 3-класс
| 13.02.23 17.02.23
17.02.23 20.02.23 | Апыш к А Авазбекова А.Т.
Айдарбекова А.Ж. Сманалиева Ж.К. |
3 | Сүрөт көргөзмөсү. “Мен мекенимди сүйөм” 1-4-класс | 13.02-21.02.23 | Класс жетекчилер |
4 | Сүрөт көргөзмөсү. “Мекеним Кыргызстан” 5-9-класс | 13.02-21.02.23 | Класс жетекчилер |
5 | “Кыргызстанды кантип коргойм?” 10-11-класс | 22.02.2023 | АЧД мугалими Темиркулов. Н. Н. |
6 | 23-февраль “Ата Мекенди коргоочулар күнү” жана декаданын жабылышы, жыйынтыктоо. | 22.02.23 | Башталгыч класстардын мугалимдери |
Комментарии