НООРУЗ -2023.
Кыргызстанда 21-мартты элдик Нооруз майрамы катары жарыялаган Жогорку Кеңештин мыйзамына 1991-жылдын 1-февралда кол коюлган.
Нооруздун келип чыгышы
Тарыхчылар Нооруз сөзүн перс тилинен которгондо «нав» — жаңы жана «руз» — күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн», башкача айтканда чыгыш элдеринин табигат мезгилин сүрүштүрүүдө колдонулган күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирерин айтышат. Бул майрамдын келип чыгышы туурасында бирдиктүү ой жок. Айрымдар аны б.з.ч. VII к. – б.з. VII к. чейин чыгыш элдеринде үстөмдүк кылган диний окуу – зороастризм менен байланыштырса, кээ бирлери исламдын келип чыгышы жана жайылышы менен байланыштырышат.
Эң оболу анын жер шарында климаттык циклдин (жаз, жай, күз, кыш) ар жылы алмашуусу менен байланышканы талашсыз, тагыраак айтсак жаратылыш күчтөрүнүн кайра жаралуу мезгили – жаз менен байланышкан. Байыркы ата-бабаларыбыз жер планетабыздын жашоосунда кезектеги жаңы жылдын келишин кабарлаган жашыл чөптөрдүн пайда болушун толкундоо жана урматтоо менен күтүшкөн. Бул күндөрдө ар бир адамда майрамдык маанай менен шаттыктын болушу кадыресе көрүнүш эле. Анткени, денени алсыраткан суук мезгилден кийин, күнөстүү жана жылуу күндөр келип, адамдын жашоосу бай түшүм жана малдын мол төлүнө байланышкан үмүттөр менен тиричилик жаңы мааниге ээ болгон.
Нооруз майрамы жанданып келе жаткан жаратылыш менен эмгекчил дыйкандын ажырагыс биримдигин элестеткен. Ал жаратылыштын ойгонуусу менен жаңы жашоонун башаты катары эскиликтин үстүнөн болгон анын салтанаты, жакшылыктын жамандыктан басымдуулугу, ошондой эле тирүүлөрдүн жыргал жашоосуна тоскоол кылган терс көрүнүштөрдү кубалоонун символу катары, жалпы адамзаттык гуманисттик идеяларды туу туткандыгы бул майрамдын өчпөс жана даңазалуу болушуна негиз болду.
Биздин мектепте «Нооруз» майрамын 8-класстын окуучулары жана класс жетекчиси , Надырбек к Аксыйнат уюштурду. Мектептин алдына боз үй тигилип, улуттук тамак-аштар жазалып , улуттук оюндар, ыр , бий сахналаштырылды .
Комментарии