Башталгыч класстар үчүн «Жомок окуйбуз» жумалыгы 05.12.2022
Жомок – оозеки чыгармачылыкта кеңири тараган, көбүнчө ойдон чыгарылган, окуяларды апыртмалуу, фантазиялуу чагылдырган, сюжети кызыктуу, баяндоо түрүндөгү чыгарма. Жомоктор ыр түрүндө да, кара сөз формасында да болот. Фольклористика илиминин тажрыйбасына таянып жана өздүк материалдарга жараша кыргыз жомоктору төмөнкүдөй классификацияланган:
- 1. Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор
- 2. Кереметтүү жомоктор
- 3. Турмуштук жомоктор
Биздин мектепте 05.12.2022 — 09.12.2022-жылга чейин башталгыч класстын усулдук бирикмесине «Жомок окуйбуз» жумалыгы болуп өттү. Жомокко башталгыч класстын окуучулары башкача айтканда, 1-2-3-4-класстын окуучулары катышышты.
План:
- 05.12.2022 Ачылышы
- 06.12.2022 Проектордун жардамы менен окуучуларга «Жети улак жана карыштыр» темасындагы жомок коюлуп берди
1-класстын окуучулары «Чамгыр» жомогун аткарып беришти. Класс жетекчи: Авазбекова Айзирек Таирбековна.
2-класстын окуучулары «Ырыс алды ынтымак» Класс жетекчи: Айдарбекова Анара Жыргалбековна
3-класстын окуучулары Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Ак кеме» повестинен үзүндү коюп беришти. Класс жетекчи: Сманалиева Жийдегүл Коңурбековна .
4-класстын окуучулары «Ак эмгектин даамы таттуу» деген темада куурчак театр уюштуруп, сахналаштырып беришти. Класс жетекчи: Апыш кызы Асель.
Комментарии