Мектебибизге бир жыл.
“Аманат — Токмок” билим берүү мекемеси Кувейт мамлекетинин “Ас-Сафа борбору” Коомдук бирикмесинин колдоосунун негизинде ачылып, 2021 — жылдын 1 – сентябрынан тартып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат.
Биздин билим берүү мекемебиздин максаты:
Бүгүнкү күндүн талабына ылайык ар тараптуу билимдүү адеп-ахлактык ынанымы,эстетикалык табити,сергек жашоосу калыптанган, жогорку маданияттуу инсанды тарбиялоо.
Азыркы мезгилде “Аманат- Токмок” билим берүү мекемесинде 250 окуучу билим алып, 45 педагог, тарбиячы жана 15 жумушчу кызматкерлер эмгектенет.
Концертке Токмок шаарынын мэри, Токмок шаардык билим берүү бөлүмүнүн мүчөлөрү жана сыйлуу коноктор келген.
Төмөндө сиздер үчүн кыскача үзүндү.
Комментарии