Мугалимдер күнү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден бир маанилүү тармагы. билим берүү системасы экенин эске алып, ошондой эле билим берүү жана тарбия жумушчуларынын маанилүү ролун эстен чыгарбай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-февралындагы 36 Токтому аркылуу Октябрь айынын биринчи жекшемби күнү жыл сайын мугалимдердин профессионалдуу майрамын белгилөө күнү деп кабыл алынган. Бирок, 2014-ж токтомуна ылайык Мугалимдер күнү жыл сайын 5-октябрь күнү белгиленет. Ал эми Буткул дүйнөлүк мугалимдер күнү 1994-жылдан тарта жылда 5 — октябрда өткөрүлөт.
Мугалим кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги жана жаш баладай жумшак баёо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшаганды
менен кадырлоого болгон инсан. Баарыбыздын башат тамырыбыз, асыл ой тилектерибиз жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп
аркылуу калыптанары белгилүү. Андыктан адамдардын жан дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат эмеспи. Майрамыңыздар менен билим берүү кызматкерлери!
Комментарии