Гуманитардык усулдук бирикмесинин декадасы
7 – 8 ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мектеп ичинде 2 жумалык “тарых декадасы” болуп өттү.
2 жумага план түзүлүп ошол пландын негизинде иштер жүргүзүлдү.
1-күнү тарых декадасынын ачылышы болду.
Бул ачылышта алгач саламдашып анан К.Рнын гимни менен ачылды. Андан соң ата-бабаларды 1 мүнөттүк эскерүү болуп, жалпы ата-бабаларга багышталып куран окуулду. Андан соң тарых мугалими тарабынан 7-8- ноябрдын тарыхына жана бул кун эмне учун эскерүү куну, кимдерди эскерүү керектигин айтып ошондой эле бул күндүн урматына чыккан токтомду окуду. Токтом Кыргыз Республикасынын президенттик сайтынан алынды: (Сөзүм кур болбоо үчүн токтомду окуп өттум)
ПЛАН:
Тарых декадасынын ачылышы.
- Тарыхый кинолор (үркүн)
- Тегерек стол
- Акыл ордо
- Ачык сабак
- Жыйынтыктоо
Анда тышкары үркүн жөнүндө документалдуу кино көрүлдүү. Токтомдо айтылган 1916-жылдагы “Улуттук боштондук көтөрүлүшүнө, 1917-ж болгон Кыргызтандагы октябрь, феврал революцияларына, XX кылымдын 30-жылдарындагы саясий репрессиялардын курмандыктарын чагылдырган маалымдоо маалымдоо докладтарды окуучулар окушту. жалпы ата-бабаларды даңктап эстелик аттуу ырды 5-класстын кыздары хор аткарышты.
Буга кошумча ушул жылы: Ормон хандын 230 жылдыгы, Байтик баатырдын 200 жылдыгы, Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдыгы,Түгөлбай Сыдыковдун 110 жылдыгы, Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы мамлекеттик денгээлде белгиленип жатканын баса белгилеп өттүк.Ошентип тарых декадасы чаккан иш-чара менен ачылды.
Ал эми 2-күнү 1916-жылдагы улуу көтөрүлүштө шейит кеткен ата-бабалардын жаркын элесине арналган “Үркүн” тесмасын көрдүк. Кыргызстан деги эле кыргыз эли бугүңкү күнгө чейин эмне деген окуяларды башына өткөрүп келди.Тарыхка уңүлсак 3 миң жылдык тарыхы бар, IX-X кылымдарда Улуу Кыргыз каганатын курган элибиз кылымдар бою мамлекеттүүлүк идеясын туу тутуп келди. Соңку жылдары тарых илиминин өнүгүүсү , аны идеалогиядан арылтуу окумуштууларга кыргызстандын тарыхын эң негизги этаптарын жаңыча изилдөөгө жана өткөн мезгилге коомчулуктун объективдүү көз карашын калыптандырууга мүмкүнчүлүк түздү.
“Кыргыз элинин 1 кылым мурун башынан өткөргөн кайгылуу тарыхын чагылдырган «Үркүн» тасмасы өлкөнүн облустук борборлорунда элге тартууланып жатканын «Саякбай манасчы» коомдук фондусунун мүчөсү, белгилүү манасчы Улан Исмаилов билдирди. Эскерте кетсек, аталган тасманын бет ачары 2016-жылы 12-октябрда Бишкектеги «Манас» кинотеатрында өткөн.
Тасма Тарых жана маданият жылына, ошондой эле 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштүн 100 жылдыгына карата тартылып, Нурбек Айбашев башкы демөөрчү болгон. «Үркүн» киносуна Медин Учкеев режиссерлук кылса, Мухтар Атаналиев продюсери болгон.
Бул тасманы балдарга көргөзүнү туура көрдүк. Буга 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар кирип көрүштү. Окуучулар жалпы кызыгуу менен көрүшүп киндон потриоттук сезимдерин ойготушуп, кинодон алган сезимдери менен бир топко бөлүшүп жүрүштүү.
Мына бул жер муңдуулардын энеси,
Мына бул жер өкөн кордук элеси.
Ачкалыктан курбум өлүп бул жерде,
Калган эле көмүлбөстөн денеси.
Жусуп Турусбеков
Кийинки кезек репрецияга келди.
Бул күнү 7-8-9-10-11 класстардын катышуусунда тегерек стол болду. Атайын темалар берилип, окуучулар тарабынан тандалды. Жалпы тема :“ Кыргызстандагы репрециянын курмандыктары” аттуу тема коюлуп, теманын айланасында талкуу жүрдү.
ПРОГРАММА:
* Ачылыш сөзү: тарых мугалими :Таштанбек кызы Жазира
Илимий бандама
1)Совет доорундагы репрессиянын келип чыгыш себептери.
- Кыргызстандагы репрессиянын жүрүшү
- Совет доорундагы Сталиндик репрессиянын кесепеттери
- Жусуп Абдрахманов
- Баялы Исакеев
- Касым Тыныстанов
- Абдыкадыр Орозбеков
Ошондой эле программа түзүлүп, мектеп жамааты чакырылды. Мында алгач тарых мугалими түшүндүрмө ирээтинде тегерек столго мүнөздөмөө берилип… “Тегерек стол” бул эмне деген темада айтып берди.
Тегерек стол -бул Катышуучулардын тобунан турган белгилүү бир маселе боюнча өз пикирлерин жана көз караштарын билдирүүжана ошол теманын үстүндө иштеп чыгуу үчун чакырган динамиканын динамикасы деп атады.Ошондой эле ооз эки презентация модератор тарабынан жүргүзүлдү. Анын структурасы 4 бөлүктөн турду:
- Презентация жана киришүү
- Талкуунун негизи
- Суроо-жооп
- Жыйынтык.
Бугу кошумча тегерек столдун максаты айтылып талкуу башталды.
Столду тегерек коюп катышкан окуучулар отурушту.Бул жакта модератор катары тарых мугалими болду. Окуучулар алган темасында даярданышып, ооз эки айтып, слайдтарды даярдашкан. Ар бир окуучунун темасын талкуулап суроолорду беришип кызыктуу майек болуп жатты. Андан тышкары келген коноктор тарабынан- дагы суроолор берилип жооптор алынды. Аягында дастаркон методу менен жыйынтыкташып балдар өздөрүнүн кызыктуу эч ким айтпаган фактылар менен жыйынтыкташып, ортого максаттары бир экенин- жазышып, жыйынтыктоо сөзун айтышты. Ошондой эле, эң жогорку деңгээлде даярданган окуучулар грамата менен сыйланышты.
Комментарии